2025-05-13


"Кыргызстан боюнча окуу-практикалык саякат II" сабагы ийгиликтүү аяктады (Ош жана Жалал-Абад облустары, 03-08-май, 2025)


Бул жылы "Саякат иши жана гид кызматы" бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери үчүн окуу-практикалык сапарга факультетибиздин окутуучулары доц., др. Эмруллах Төрен  жана др. Уланбек Алимов жетекчилик кылышты. 2025-жылдын 3-8-май күндөрү болгон сапардын алкагында Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад облустарына жана Өзгөн сыяктуу тарыхый жана маданий жактан маанилүү шаарларга саякат уюштурулду. Абшыр-Ата шаркыратмасы, Өзгөн мунарасы, Сулайман тоосу жана музейи, Сары-Челек көлү жана Арсланбоб айылы бул саякаттын эң кызыктуу жерлери болуп, ошого байланыштуу студенттер үчүн саякат жемиштүү, ал эми мугалимдер баамында сапардын максаты ишке ашырылып, ийгиликтүү аяктады.