2025-04-23
Ханафий жана Матурийдий дин түшүнүгү - 4
Шаршемби, 16-апрель, 2025-жыл, 15:30 да КТМУ Теология факультетинин окутуучусу, доц. докт. Наил Карагөз баяндамачы катары катышкан төртүнчү “Ханафи-Матуридий динди түшүнүү семинары” болуп өттү. Семинар Бишкектин Куран курсунун кыздарынын мугалимдеринин Ханафи-Матуридий диний түшүнүгүнүн негизги принциптери жана бул байыркы ой жүгүртүү системасы тууралуу маалымдуулугун жогорулатууну максат кылып, өзгөчө акыл-эске негизделген ыкмаларга токтолду. Карагөз өз баяндамасында Михна процессинин Ислам пикириндеги рационалдык бөлүнүүлөргө тийгизген таасирин, теология илимине каршы чыгууларды жана Абу Ханифага багытталган сындарды талкуулады. Мындан тышкары, Абу Ханифанын Матуридий доорундагы жана андан кийинки шакирттеринин акылга таянган мамилесине жарык чачканы жана Ханафи-Матуридий пикиринин бүгүнкү дин түшүнүгүнө кошкон салымдары талкууланды.