Ректор, профессор Алпаслан Жейлан Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын делегациясынын Кыргызстанга болгон иш сапарына катышты


  • 2025-04-30

Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы, профессор Нуман Куртулмуш баштаган делегация 2025-жылдын 29-апрелинде Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында бир катар жолугушууларды жана сапарларды жасады. Делегациянын курамында депутаттар Юсуф Беязыт, Мухаммет Эмин Акбашоглу, Бүлент Кая, Күршад Зорлу жана Мустафа Калайжы да болду. Иш сапарда Кыргыз-Түрк “Манас”университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан да коштоп жүрдү.

Иш сапар алгач Түркиянын “Маариф” фондуна караштуу “Маариф” билим берүү комплексине болду. Бул жерде Ислам кызматташтык боюнча жаштар форуму (ICYF), Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Түркиянын “Маариф” фондунун кызматташуусунда “Түрк дүйнөсүнүн келечеги жана жылдызы жанган жаштар” деген темада конференция өткөрүлдү.

Конференцияга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык курамы жана студенттери да катышты. Түрк дүйнөсү туш болуп жаткан глобалдык өзгөрүүлөр талкууланган иш-чарада түрк жаштарынын аймактык өнүгүүдөгү ролу жана стратегиялык мааниси өзгөчө баса белгиленди.

Түркия Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы, профессор Нуман Куртулмуш: “Түрк дүйнөсүнүн биримдиги орток максаттар аркылуу мүмкүн болот”

Конференцияда сөз сүйлөгөн Түркия Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы, профессор Нуман Куртулмуш түрк мамлекеттери улуттук өздүгүн өз баалуулуктарынын негизинде кайрадан калыптандырып, көз карандысыз өлкөлөр катары эл аралык коомчулукта өз ордун тапканын баса белгиледи.

Куртулмуш бул процессте Кыргызстандын да маанилүү роль ойноп жатканын белгилеп, “Кыргызстан — эл аралык коомчулукта өз ордун тапкан түрк мамлекеттеринин бири”, — деди. Тилдеги биримдик — ойдогу биримдиктин негизги шарты экенин айтып, “Тилде, ойдо жана иште биримдикти камсыз кылуу, башкача айтканда, орток максаттарга багыт алуу үчүн аракет кылууга жана өзгөчө иш жүргүзүүгө милдеттүүбүз” , — деген пикирин билдирди.

Түрк дүйнөсүнүн жаштарына кайрылып, сөзүн мындай деп улантты: “Эгер жаштарыбыз бул биримдикти камсыздап, орток максаттардын айланасында бириге алса, бара турган аралык кыскарып, максаттарыбызга абдан кыска убакытта жетебиз.”

“Өзүбүздүн түп тамырыбызды эч качан унутпайбыз”

Куртулмуш өз сөзүндө улуттук түп тамырынан ажыраган элдер башка маданий түзүмдөрдүн ичинде жоголуп кетүү коркунучуна ээ экенине көңүл буруп, “Өзүнүн маданий күн тартибин аныктай албаган элдер, башка элдердин маданий лабиринттеринде жоголот. Ошондуктан биз өзүбүздүн түп тамырыбызды эч качан унутпайбыз деп жатабыз”, — деди.

Конференциядан кийин басма сөз кызматына берген маегинде ректор, профессор Алпаслан Жейлан түрк дүйнөсүнүн келечеги боюнча үмүт жандырган пикирлерин бөлүштү. Ал Исмаил Гаспыралынын “Тилде, ойдо, иште биримдик” принцибин эске салып, бул концепция 21-кылымда конкреттүү кадамдар менен ишке ашырыларын баса белгиледи.

Сапардын алкагында ректор Жейлан Түркиянын “Маариф” фондунун төрагасы Махмут Мустафа Өздил жана Ислам кызматташтык боюнча жаштар форумунун төрагасы Таха Айхан менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Иш-чаранын уландысында Түркия Республикасынын Улуу Улуттук ныйынынын төрагасы, профессор Нуман Куртулмуш жана аны коштогон делегация Режеп Таййип Эрдоган атындагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасына барышты. Сапар учурунда бейтаптарга айыгып кетишсин деген тилегин айтып, медицина кызматкерлерине жан аябастан көрсөткөн кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.

    Социалдык медиада бөлүшүү