КТМУдан маңыздуу берилгендик: Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун ысымы “Манас” университетинде жашайт


  • 2025-05-03

Окуу жайыбыздын коммуникация факультетиндеги кинозалга кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал режиссер Артыкбай Сүйүндүковдун аты берилди.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссер Артыкбай Сүйүндүковдун ысымын ыйгаруу салтанаты үстүбүздөгү жылдын 2-май күнү өтүп, ага КТМУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак баштаган Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын өкмөттөрү тарабынан дайындалган мүчөлөр, ректор, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Режаи Доган менен профессор Камалбек Карымшаков, окутуучулар жана коноктор катышты.

Салтанатуу иш-чаранын жүрүшүндө чыгармачыл инсан, улуттук жана эл аралык деңгээлдеги сыйлыктардын ээси Артыкбай Сүйүндүковдун кыргыз кино индустриясына кошкон салымы өзгөчө белгиленди. Кинорежиссер көптөгөн чыгармачыл долбоорлорду ишке ашырып, кыргыз киносун эл аралык аренага алып чыгып, өлкө маданиятынын өнүгүшүнө эбегейсиз үлүш кошуп келет.

Көп жылдан бери окуу жайыбызда үзүрлүү эмгектенип, таланттуу режиссерлорду уядан учурган Артыкпай агай менен КТМУнун жалпы жамааты сыймыктанарын бир ооздон айтышкан жетекчилик гүлдесте сунуп, ыраазычылык сөздөрүн билдиришти.

Бул кадам - кыргыз киносуна болгон сый-урматтын жана мурас катары калчу эмгектердин улуулугунун айкын далили болуу менен бирге татыктуу ысымды алып жүрө турган кинозал жаш режиссерлор үчүн чыгармачылык шыктануу булагы болмокчу.

    Социалдык медиада бөлүшүү