Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши 2025-жылдын 2-майында ректорлуктун окумуштуулар кеңешинин жыйындар залында чогулду.
Жыйынга Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор, Ибрахим Чапак баштаган кеңештин мүчөлөрү; Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын Стратегия жана бюджет башкармалыгынын башчысы Ибрахим Шенел, Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, профессор Халим Халдун Гөкташ, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талгат Аширбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Азамат Шаршеев, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев жана башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, ошондой эле Жогорку билим берүү мамлекеттик комитетинин мүчөсү, профессор Кемал Шеножак онлайн катышты.
Жыйындын ачылыш сөзүн Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак сйлөп, КТМУ боордош эки элдин орток мурасы экенин белгиледи. Окуу жайдын QS Дүйнөлүк университеттер рейтингиндеги ийгилигинен баштап, студенттик шаарчанын инфраструктурасына, инновациялык билим берүү программаларынан тартып социалдык жана маданий иш-чараларга чейинки көптөгөн тармактарда маанилүү жетишкендиктерге ээ экенин айтты. Профессор Чапак бул жетишкендиктерди мындан ары өнүктүрүү маанилүү экенине көңүл бурду.
Жыйындын жүрүшүндө КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан университеттин 2020–2024-жылдар аралыгындагы академиялык, башкаруучулук жана институттук жетишкендиктерин камтыган деталдуу презентация жасады. Ошондой эле 2025–2028-жылдарга карата “Стратегиялык өнүгүү планында” каралган максаттар жана долбоорлор тууралуу маалымат берди. Профессор Жейлан “Манас” университетинин түрк дүйнөсүнүн жогорку билим берүү тармагында брендге айланышына көрсөтүлгөн колдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, башта Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдоганга жана Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго, ошондой эле Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапакка жана кеңештин бардык мүчөлөрүнө университетке көрсөткөн үзгүлтүксүз колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Жыйындында университеттин академиялык жана административдик түзүмү бардык аспектилери боюнча каралды. Окуу-тарбия процессинен илимий изилдөөлөргө, эл аралык кызматташтыктан институционалдык инфраструктура жана санариптик трансформация иштерине чейин бир топ темаларда кеңири талдоолор жүргүзүлдү. Талкуулардын жыйынтыгында КТМУнун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, сапат стандарттарын жогорулатуу жана стратегиялык максаттарга жетүү багытында маанилүү чечимдер кабыл алынды.