Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан “Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” долбоору (TUDVA) түрк дүйнөсүнүн жаштарынын тарых, иденттүүлүк жана келечек жөнүндө аң-сезимин изилдөөгө багытталган.
Долбоордун алкагында 15 ар башка аймактан 2 миң 242 университеттин студентинин катышуусундагы сурамжылоо түрк дүйнөсүнүн жаштарына бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүлгөн эң масштабдуу социалдык изилдөөлөрдүн бири катары катталды.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын колдоосу менен ишке ашырылган изилдөө профессор Эрдал Бай, доцент Режеп Кахраманоглу, окутуучулар; Көнүл Маммадова, Фадыл Шираз, Кадри Акгүн жана Мухаммет Айкутхан Улусойдун биргелешкен салымы менен жүргүзүлдү. Долбоордун координатору Кадри Акгүн изилдөөнүн жыйынтыгы түрк жаштарынын коллективдик аң-сезими жана маданий таандыктыгы боюнча маанилүү багыт көрсөткөнүн белгиледи.
Жаштар биримдикти тандайт
Изилдөөгө катышкан студенттердин 72 %ы Европа биримдигине окшогон түзүмдүн түрк мамлекеттеринин ортосунда да “сөзсүз керек” экенин билдиришти. Катышуучулардын көпчүлүгү мындай биримдик экономикалык жана маданий жаатта Батыштагы мисалдардан дагы күчтүү болушу мүмкүн деген пикирде болушкан.
Катышуучулар эң көп сыймыктанган темалардын катарында түрк тарыхын, маданиятын жана цивилизациясын өзгөчөлөп көрсөтүштү. Студенттердин 62%ы билим алуу же иштөө максатында башка түрк мамлекетине барууну каалашканын билдирип, түрк дүйнөсүнүн ичинде маданий жана академиялык алмашуу үчүн жогорку потенциалы бар экенин баса белгилешти.
Санариптик сабактар “Биз” сезимин бекемдеди
TUDVA долбоорунун алкагында берилген санариптик билимдер жаштардын түрк дүйнөсүнө таандык сезимин бекемдеди. Студенттердин 94%ы долбоорго катышкандан кийин өздөрүн түрк дүйнөсүнүн бир бөлүгү экенин жакшыраак сезе башташканын билдиришкен. Жалпы тарых жана инденттүүлүккө негизделген санариптик көпүрөлөр жаштарда маанилүү “Биз” сезимин жараткандыгы белгиленди.
Карабах жеңиши жалпы биримдик аң-сезимин ойготту
Изилдөөдө белгиленген дагы бир маанилүү жыйынтык Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы Карабах жеңиши процессинде көрсөтүлгөн тилектештикке карата оң баа берилди. Жаштар бул процессти түрк дүйнөсүнүн биримдигине карай кеткен жолдогу бурулуш мезгили катары баалашкан. Мындан тышкары, жалпы күрөштөр бир туугандык байланыштарды дагы да бекемдегени айтылды.
“Манас” университетине болгон жогорку ишеним
Сурамжылоого катышкан студенттер “Түрк дүйнөсүнө байланыштуу уюм жана мекемелердин таасирдүүлүгү жөнүндө кандай ойлойсуз?” деген суроого жоопто Түрк мамлекеттер уюму, ТҮРКСОЙ жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетин эң таасирдүү уюмдар катары көрсөтүштү.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык жана маданий тармактардагы ийгиликтери түрк дүйнөсүнүн жаштары арасында чоң колдоого ээ болууда.